Ысык-Көлгө барчуларга кулак кагыш. Айрым жолдор маал-маалы менен жабылат

© Фото / пресс-служба МКИСиМП КРЫсык-Көлдөгү Run the Silk Road аттуу эл аралык марафон. Архив
Ысык-Көлдөгү Run the Silk Road аттуу эл аралык марафон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2024
Жазылуу
Көлдө ири эл аралык марафон өткөрүлгөнү жатат. ИИМ ыңгайсыздыктарды туура түшүнүү менен кабыл алууну суранды.
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Ысык-Көл районунда 4-майда Run the Silk Road – Shanghai Cooperation аттуу эл аралык марафон өтүп, жол каттамга чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, жөө күлүктөр Бактуу-Долоноту айылындагы ат майдандан тартып, Корумду айылынын күн чыгыш тарабындагы эс алуу жайынын бурулушуна чейин чуркашат.
Бул учурда Чолпон-Ата шаары аркылуу өтүүчү Балыкчы — Ананьево — Каракол автоунаа жолу маал-маалы менен убактылуу жабылып турат. Ошол себептен автоунааларга Ысык-Көлдүн түндүк тарабы, тагыраагы, Жети-Өгүз жана Тоң райондору аркылуу жол жүрүү сунушталат.
ИИМ ыңгайсыздыкты туура түшүнүү менен кабыл алууну суранат.
Бишкектин Чыгыш-5 аймагы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Бишкектин Чыгыш-5 аймагындагы Чүй проспектисинде кыймыл эки жума чектелет
Жаңылыктар түрмөгү
0