Окуучулар катышкан "Урааным Манас" сынагы республика боюнча токтотулду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкектеги Манастын эстелиги. Архив
Бишкектеги Манастын эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2024
Жазылуу
"Портер" адамдарды коюп кеткен кырсык балдар жайлоодо манас айтып жатканда болгон.
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Сузактагы окуяга байланыштуу окуучулар катышып жаткан "Урааным Манас" кароо сынагы республика боюнча токтотулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Министр Догдуркүл Кендирбаева саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Жалал-Абад облустук балдар клиникасына барып, жабыркагандардан кабар алган.
Министрлик учурда медициналык уюмдар жана бардык тиешелүү тараптар менен кызматташып, жабыркагандардын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүү аракетинде экенин белгиледи.

"Коопсуздук үчүн "Урааным Манас" кароо сынагынын алкагында өткөрүлүп жаткан бардык массалык иш-чаралар министрликтин буйругу менен Кыргызстан боюнча токтотулду", деп билдирди мекеме.

Эми жогорку окуу жайлардын психолог-педагогдору аталган аймакка тартылып, убактылуу кризистик борбор уюштурула турганы айтылды.
Эске сала кетсек, кечээ, 2-май күнү, саат 14:00дөр чамасында Катмы жайлоосунда манас айтып жаткан балдарды "Портер" унаасы коюп кеткен. 48 жаштагы айдоочу көрсөтмөсүндө балдарга бекер балмуздак таратканы барганын, токтоп турган машинасы ылдыйга түшүп кеткенин байкабай калганын айткан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси менен иш козголуп, Сузак райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми жабыркагандардын саны 35ке жетти.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сузакта жабыркагандардын абалы менен таанышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2024
Сузактагы кырсык. Жабыркагандардын саны 35ке жетти
Жаңылыктар түрмөгү
0