Казакстан билим алууну каалаган кыргызстандыктарга 50 квота берди

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүАстана шаары. Архивдик сүрөт
Астана шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2024
Жазылуу
Окууну каалагандар документтерин 23-майга чейин тапшырса болот.
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Казакстан 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган кыргызстандыктарга 50 орун бөлүп берди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Коңшу өлкө берген квотанын 25и бакалавриат программасы боюнча болсо, магистратура боюнча 20 орун, үзгүлтүксүз интеграцияланган медициналык билим берүү боюнча 5 орун бөлүнгөн.
Конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкерлер edu.gov.kg онлайн системасы аркылуу катталып, керектүү документтерди 23-май саат 23:59га чейин жүктөшү керек.
Сурап-билүү телефондору: +996(312)625082, 621519 жана 620497.
Азербайжан жана Кыргызстан желектери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2024
Азербайжан кыргызстандык студенттерге квота бөлөт
Жаңылыктар түрмөгү
0