Таттууга тартыла берүү олуттуу оорулардан кабар бериши ыктымал

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүТаттуу сатуу. Архивдик сүрөт
Таттуу сатуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2024
Жазылуу
Адис адам таттууну бала кездеги адаттан улам да көп жеп калышы ыктымал экенин айтты.
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Таттууга дайым тартыла берүү олуттуу оорулардан кабар бериши мүмкүндүгүн дарыгер, диетолог Дарья Русакова билдиргенин "Известия" жазды.

"Адам диабет болууга жакындап калганда же аталган оору менен жабыркап жатканда канда инсулин көп иштелип чыгып, глюкоза өйдө-ылдый көтөрүлөт. Мындан улам баш ооруп, күч кетип, жүрөк айланып, анан таттууну жеп башташат", — деген адис.

Русакованын айтымында, маанайдын өзгөрүлүшү жана депрессиялык абал дагы курамында канты бар азыктарга тартат. Ошондой эле жан дүйнөсү чөгүп жүргөн адам дагы таттуу менен өзүн алаксыткысы келет.
"Балдарга кайсы бир ийгилиги үчүн таттуу берип мактайбыз. Чоңойгондо дагы ошол адаты калып, кийин өзүн таттуу азык менен "сыйлаган" учурлар болот", — деди диетолог.
Мындан сырткары, организмге минералдар, В тобундагы витаминдер жана хром жетпегенде дагы таттууга тартылат.
Адис шекердин өзү нак углевод экенин, эч кандай баалуулугу жоктугун айтып, рациондон азайтууга чакырды.
Картошка фрини бышыруу. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2024
Адис айрым азыктарга зыянын билип туруп тартыла берүүнүн себебин түшүндүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0